«Манас», «Ысык-Көл» аэропортторунда 490 сомго ПЦР-тест тапшырууга болот

Бишкек жана Ош шаарларындагы «Манас» жана Тамчыдагы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортторунда жакын арада Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин вирусологиялык лабораторияларынын филиалдары ачылат. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Аэропорттордо орнотулган изилдөөнүн баасы менчик лабораторияларга караганда бир нече эсе арзан болот. Мурда өлкөдөн чыккандар ыкчам тартипте аэропорттордо менчик лабораторияларда анализ тапшыра алышчу. Эми мамлекеттик лабораториялар ачылып, салыштырмалуу арзан баада ишке ашырылат.

Башка өлкөлөргө чыгуу үчүн ПЦР-анализди Бишкек шаарынын Фрунзе көчөсү 535 дарегиндеги Оорулардын алдын алуу департаментинин лабораториясынан алдын ала тапшырып койсо да болот. Анализ тапшыруу пункту жумасына 7 күн дем алышсыз жана майрам күндөрү дагы иштейт, иш күндөрү анализ саат 8:30дан 15:00гө чейин, дем алыш күндөрү саат 8:30дан 12:00гө чейин тапшырылат. ПЦР-анализдин баасы 490 сом.

Зарыл анализдерди тапшырууга жетишпей калгандар гана ПЦР-изилдөөдөн ыкчам тартипте аэропорттун өзүнөн мамлекеттик лабораториядан 490 сомго өтө алышат. Жыйынтыгы 1,5-2 сааттын ичинде даяр болот.