«Манас» аэропортунда аба ырайына байланыштуу каттамдар кармалып жатат

Аба ырайына байланыштуу Ош шаарына аткарыла турган Бишкек-Ош багыты боюнча авиакаттам кармалууда. Бул тууралуу «Манас» аэропортунан маалымдашты.

Учуп кетүү убактысы жылдырылды. Мындан тышкары Ош-Стамбул багыты боюнча каттам да токтотулду.

Учурдагы учуу көрүнүшү:
• горизонталдуу 76 метр

• вертикалдуу 60 метр

Учуулардын убактысы тууралуу кошумча маалымат берилет.