Манасчы Дөөлөт Сыдыковго күмүштөн калпак кийгизишти

Бишкек шаарынын борбордук аянтында тынымсыз 14 жарым саат бою манас айтып, рекорд койгон Дөөлөт Сыдыковго «Кийиз дүйнө» коомдук уюму күмүш чөгөрүлгөн калпак тартуулады.

Манасчынын жубайы, режиссёр Ырыс Окенованын айтымында, мындай өзгөчө белекти кийиз чебери, дизайнер Айдай Асангулова, чебер Клара Бектемирова жана зергерлер жасап чыгышкан.

Чеберлер узак сааттарга тыным албай манас айтып, кыргызга руханий азык бергиси келген манасчы Дөөлөт Сыдыковго ыраазычылыгын ушундай жол менен билдиришти.