Манасчы Рыспай Исаков: «Манас» айылын азыркы абалда калтыргыла деп айтыш керекпи?»

«Канча жылдан бери айтылып, козголуп, далай жолу көтөрүлгөн, бирок чечилбей келген маселе колго алынып, манасчыларга камкордук көрсөтүлүп, театр ачылды. Айлык чегерилди. Анан дароо мамлекеттик статус берилди». Бул тууралуу манасчы Рыспай Исаков жазып чыкты.

«Улуттук статус ыйгарылып, акындар жана дастанчылар кошулду. Айрым мекемелер мындай статусту 50 жылдан бери ала албай жүрөт. Демибизди жыйганча имарат берилди. Эми театр курулган атат. Мунун баары жарым жылга жетпеген аралыкта ишке ашып атат. Алдыда дагы көптөгөн максаттар бар. Кудай буюрса, анын баары жүзөгө ашат деген ниеттебиз. Ал максаттардын катарында анимациялык тасмалар да бар. Эми ушунча ишти жасап аткан мамлекетке нааразы болгон Кудайга жагабы? Ушунда да нааразы болсок, буларга көңүл бөлбөй, ырас кылган экенбиз дебейби мурункулар? Ал эми «Манас» айылы чоң долбоор менен курулат деп атат. Анын эмнесине каршы чыгыш керек? Азыркы абалда калтыргыла деп айтыш керекпи? Албетте, муну менен биз бийликти колдоп кеткен жокпуз. Манаска байланыштуу калпыс ишти мурункуларга да, ушул эле Садыр Жапаровдун өзүнө да түз айтып келгенбиз, айта беребиз. Өзүбүздүн акылыбыз жетпеген иштерге аралашпайбыз. Жеке мени саясат үчүн аркы өйүз, берки өйүз кылып пайдаланбагыла. Манасты жеке кызыкчылыкка жана бөлүнүүгө пайдаланбагыла. Манасты биригүү жолунда пайдаланалы. Бул тууралуу ар дайым айтып келгенмин. Айткандан тажабайм», — деп жазды ал.