Манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги Венгрияда тургузулат

«ХХ кылымдын Гомери» Саякбай Каралаевдин эстелиги Мажарстанда ( Венгрия) тургузулат. Бул тууралуу Түрксой эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев социалдык баракчасына жазып чыкты.

«Иш сапар алкагында Мажар парламентинин төрага орунбасары Шандор Лежак менен жолугуп, мажар-Түрксой эл аралык уюмунун ортосундагы маданий кызматташуу маселелерин талкууладык. Ошондой эле Лежак мырзага Саякбай Каралаевдин эстелигин тургузуу идеясын айттым. Залкар манасчы жөнүндөгү оюбуз шыр колдоого алынып, буюрса касиеттүү Дунай аймагында ХХ кылым Гомеринин эстелиги тургузулат», — деген Раев.