«Маңырайып 5 мүнөт турасыңар». Президент автобустун айдоочуларына кайрылды

Бүгүн, 28-августта өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы ДЕПО-1, ДЕПО-2нин ачылышында коомдук транспорт айдоочуларына кайрылды.

«Аялдамага келгенде эң алдына барып токтогула да. Экинчиңер барганда анын артына токтогула. 3-5 мүнөттөн кийин кийинки автобус келерин билесиңер. Аялдамада маңырайып 5 мүнөт турасыңар. Мен да ошондой абалда калдым. Артыңарда унаада турдум. Мен ошол үчүн айтып жатам. 10 мүнөт убакытты алып коёт экенсиңер. Анан шаар ичи тыгын деп ыйлайсыңар. Тыгынды силер кылып жатпайсыңарбы»,- деди өлкө башчысы.