Жазуучу Мар Байжиевдин небереси саламаттыкты сактоо министринин сөзүн четке какты

Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиевдин небереси Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин драматургдун эмдөөдөн өтпөгөнү тууралуу билдирүүсүн четке какты. Бул тууралуу Дастан Байжиев Twitter баракчасына жазды.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министри эмдөөдөн өтпөгөндөр негизинен COVID-19 менен ооруп жатканын айткан. «Атактуу инсандардан айрылып жатканыбыз өкүнүчтүү. Мар Байжиев жакында эле каза болду. Аны менен сүйлөшкөнүбүздө ал эмдөөдөн өтпөгөнү белгилүү болгон», — деди Алымкадыр Бейшеналиев «Ала-Тоо 24» телеканалында маек берип жатып. 

«Урматтуу эмес министр, мен эки нерсени тактап койгум келет: биринчиден, сиз аны менен сүйлөшкөн эмессиз, экинчиден, менин чоң атам эмдөөдөн өткөн», — деп жазды ал. 

Белгилүү прозаик, публицист, драматург, журналист, театр жана кино режиссеру, адабият таануучу, котормочу Мар Байжиев 86 жашында 29-октябрда көз жумган.