Марат Иманкулов: «Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкелер кол салууга негиз эмес»

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу тилкелер кол салууга негиз эмес. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов УТРКнын эфиринде билдирди.

Иманкулов белгилегендей, Кыргызстандын эч бир мамлекетке кол салуу ниети жок. Анын айтымында, Кыргызстандын позициясы бардык мамлекеттер менен достук мамиледе болуу. «Бирок Тажикстан менен болгон жаңжал кечээ же бүгүн башталган жок, көп жылдар бою куралдуу кагылышуулар кайталанып келет. Алар «сен өттүп кеттиң, биз өттүк, суу бербей койдуң» деген себептер менен актанышат. Бул шылтоолордун баары ушуга алып келди», — деди ал.