Марипов 99 жашка келип калган ардагерден кабар алды

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касмалы Осмонов менен учурашып, ардагердин акыбалынан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Улукбек Марипов ардагерди Жеңиштин 76 жылдыгы менен куттуктап, ага чың ден-соолук жана узун өмүр каалады. «Сшул күнү биз фронт талаасында жанын аябастан, өз эрдиги аркылуу фашизмди талкалоого чечкиндүү салым кошкон улуу муун үчүн өзгөчө сыймыктанабыз. Каатчылык мезгилде сиздер башты жерге салбастан, өлкөбүздү душмандын баскынчылыгынан сактап калдыңыздар. Мындан 76 жыл мурда жетишкен жеңишибиз – майтарылбас эрктин, жогорку патриоттуулуктун жана бузулгус эл достугунун мыкты далили болуп саналат», — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Улукбек Марипов Касмалы Осмоновго материалдык жардам тапшырып, мамлекет мындан ары карай дагы согуш ардагерлерине жана тылдын эмгекчилерине колдоо көрсөтөт деп ишендирип кетти.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Касмалы Осмонов 1922-жылы туулган, Бишкек шаарында жашайт.