Марипов менен Новиков вакцина сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынат

Мурдагы премьер Улукбек Марипов менен мурдагы вице-премьер Артем Новиков вакцина сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында суракка алынат. Бул тууралуу 4-июнда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып жатканда белгилүү болгонун жергиликтүү ЖМКлар жазып чыгышты. 

Министрдин жактоочусу Кайсын Абакиров прокурордон COVID-19га каршы вакцина сатып алуу боюнча козголгон кылмыш ишине тиешеси бар Новиков менен Мариповго карата кандай аракеттерди көрүп жатканын сурады. Алардын аракеттерине юридикалык баа берилери айтылды.

Буга чейин Башкы прокуратура вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди, анын орун басары Улук-Бек Бектургановду, Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованы, Дары-дармек жана медициналык буюмдар бөлүмүнүн башчысы Султан Сатарбековду кармаган болчу.