Улукбек Марипов Ысык-Көлдө Audi менен өткөн жол оңдолмой болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көлдө Audi үлгүсүндөгү унаага отурушу тууралуу комментарий берди.
«Жакында Ысык-Көл облусуна иш сапар менен барып, инфраструктуралык жана өнөр жай объектилеринин абалы менен таанышып, бир катар райондордогу сел жүрүү кесепетин жоюу иштери кандай жүрүп жаткандыгын көрүп келдим. Аймактык иш сапарларга барганда мен ар дайым айылдарды аралап жай кыдырып, эл менен жакындан сүйлөшүп келем. Иш сапарга чыгуунун алдында мен жергиликтүү жашоочулар менен жолугушууларды уюштурууну сөзсүз тапшырам, анткени болуп жаткан көйгөйлөрдү жеринде угуу мен үчүн өтө маанилүү деп эсептейм. Тасма айылынын тургундары менен болгон жолугушууда тургундардын сунушу менен Аудиге түшүп, айылдагы талкаланган жолдун абалына жеке өзүм күбө болдум. Келерки жылы жол куруу жана реконструкциялоо боюнча иштердин тиешелүү тизмесине жолдун ушул кесиндисин киргизүү маселеси каралат. Албетте, жол көйгөйү ар бир облуста бар, алар финансылык мүмкүнчүлүккө жараша оңдолуп турмакчы. Тасма айылынын жашоочуларына кайдыгер карабагандыктары үчүн ыраазычылык билдирем, ал эми жергиликтүү бийлик органдары иштеги кетирген каталыктарын тезинен жоюунун үстүндө иш алып барышат»,— деп жазды ал.