Маркум Бакыт Букаевдин жубайы: «Бакыт менин ата-энемдин, бир туугандарымдын жоктугуна карабай үйлөнгөн»

2013-жылдын ноябрь айында шоумен, тамада, ырчы Бакыт Букаев 44 жашында киши колдуу болуп каза тапкан. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси өзү жашаган үйдө табылган. Анын артында жубайы, эки уулу калган. Арадан 10 жыл убакыт өттү. Биз шоумендин жубайы Жылдыз Иманакунова менен ал-акыбал сурашып, маектештик.

«Балдарымдын улуусу 7-классты, кичүүсү 4-классты бүтүп жатат. Улуу уулум атасындай дайыма изденүүнүн үстүндө. Кичүүсү эрке. «Атамдай журналист болом» деп калат», — деди ал.

Жубайынын айтымында, экөө 4 жылдай гана чогуу жашашкан. 3 ай кыз-жигит болуп сүйлөшүп баш кошушкан. «Апам 22 жашымда каза болду. Апамдын сиңдилеринин колунда чоңойдум. Экөөбүз таанышканда ата-энемдин, бир туугандарымдын жоктугуна карабай мага үйлөнгөн», — деди ал.