Маркум Уланбек Эгизбаевдин Марипов боюнча 5 жыл мурунку айткан билдирүүсү кызуу талкуу жаратууда

Кечээ, 3-февралда Жогорку Кеңеш премьер-министрликке Улукбек Мариповдун талапкерлигин жактырып, жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бирок Мариповдун кызмат ордуна киришкенине бир күн өтпөй эле коомчулук аны катуу сынга ала баштады.

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучулары маркум иликтөөчү журналист Уланбек Эгизбаевдин мындан 5 жыл мурунку билдирүүсүн кызуу талкуулап жатышат. Анда 2016-жылдан март айында Улукбек Марипов Эсептөө палатасына жетекчи болуп дайындалган мезгилде Эгизбаев мындай деп билдирүү  жазган: “Ал арада 37 жаштагы Улукбек Марипов Эсептөө палатасынын башчысы болуп дайындалды. Мындай ылдамдык менен мансап өсүшүн жасай берсе, Марипов далайга барчудай”.

Мындан улам социалдык тармактардагы колдонуучулар Мариповдун кызмат ордуна татыктуу эместигин жазып жатышат.

Уланбек Эгизбаев «Азаттык» үн алгысында эмгектенип, коррупциялык көрүнүштөрдү ашкерелеген иликтөөлөрү менен таанымал болгон. Ал 2018-жылы Ысык-Көлдө 28 жашында каза болгон. Ички иштер министрлиги соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, журналист сууга чөгүп каза болгонун билдирген.