Маршрутка айдоочунун окуясы. Бишкек шаарынын вице-мэри дисциплинардык жаза алат

Кызын жетелеген келинди түртүп, маршруткага отургузбай койгон айдоочу иштеген «Бригада Кеңеши» киши ташуучу компания кара тизмеге киргизилди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Кошумчалай кетсек, айдоочу Бектен Мамбеткулов иштен алынып, кара тизмеге киргизилген.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана келечекте мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн транспорт маселелерин тейлеген вице-мэрге, тиешелүү бөлүмдүн башчысына, шаардык транспорт башкармалыгынын башчысына жана орун басарына дисциплинардык чараларды көрүү тапшырылды», — деп белгилешти мэриядан.

Бүгүн соцтармактарга видео тараган. Анда Бишкектеги №203 маршруттук каттамдын айдоочусу унаага жаш келинди кызы менен салбай койгон. Кийинчерээк ал кечирим сураган.