Бишкекте маршруттук таксилердин баасы 15 сомго көтөрүлүүсү мүмкүн болууда

Бүгүн жол акынын тарифин көтөрүүнү талап кылып маршруттук таксилер иш ташташты. Учурда мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча жол акы 15 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул боюнча азыр шаардык кеңеш иш алып барууда. Бишкек шаарынын мэриясы маршруттук таксилердин качан жумушка чыгары тууралуу билишпейт.

Вице-мэр Руслан Акылбеков учурда эл ташыган фирмалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын жыйында билдирген. Муниципалитет азырынча шаар тургундарын ташуу үчүн кошумча транспорт издеп жатканын билдиришти.