Март айында күйүүчү майдын баасы кымбатташы мүмкүн

Ушул жылдын март айында өлкөдө күйүүчү майдын баасы 9-10 пайызга кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

«Республиканын аймагындагы күйүүчү май, ага болгон суроо-талапты жана Орусиядагы заводдордун  баасын анализдеп көрүп, март айында кара майдын баасы орто эсеп менен 9-10 пайызга кымбатташы ыктымал деген бүтүмгө келдик», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошол эле учурда нефтетрейдерлер баанын мынчалык кескин кымбатташына жол бербөө боюнча аракеттер да көрүлүп жатканын кошумчалашты.