Март айында кыргызстандыктарды узак эс алуу күндөр күтүп жатат

Март айында кыргызстандыктарда узак дем алыш күндөрү болот. Министрлер кабинети 2023-жылдын декабрь айынын аягында майрам күндөрүн жылдыруу жөнүндө тиешелүү токтом кабыл алган эле.

Аялдардын эл аралык күнү 8-март — иш күн эмес. 9-10-март эс алуу күндөрү.

21-марттан 24-мартка чейин да узак дем алыш болот. Нооруз 21-мартта белгиленет, 23-24-март дем алыш күндөрү. 22-марттын (жума) ордуна кыргызстандыктар 8-апрелде (дүйшөмбү) иштеши керек.

7-апрель Апрель революциясы күнү катары белгиленип, жекшембиге туш келгендиктен, дүйшөмбү дем ​​алыш күнү деп эсептелет.