Март айында өтүүчү көк бөрү мелдешине Казакстандан жана Афганистандан командалар чакырылды

Нооруз майрамына карата жана Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев, Болот Шердин элесине арналган көк бөрү боюнча эл аралык мелдешке Казакстан жана Афганистандын курама командалары чакырылды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда аталган улуттук спорттун федерациясынын башкы катчысы Кубатбек Аскарбеков билдирди.

Анын айтымында, мелдешке чакырылган командалар келебиз деген убадаларын беришкен. Алар коронавирус пандемиясына байланышкан чек ара маселелери чечилсе эле март айларынын башында келишет.

«Биз да федерациянын атынан Казакстандын парламент мажилисинин депутаты, социалдык-маданий өнүгүү комитетинин мүчөсү, Казакстандын улуттук спортунун түрлөрү боюнча ассоциациясынын президенти Бекболат Тлеуханга кат менен кайрылдык. Ал киши эпидемиологиялык абал жакшырса Казакстандан команда жиберерин убада кылды», — деди Аскарбеков.

Аскарбековдун айтымында, оюндун тандоо туру 13-мартта башталат.