Мас абалында жол жасап, заара ушаткан жумушчулар боюнча мэрия маалымат берди

Бишкек мэриясы «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын жумушчуларынын кармалышы боюнча түшүндүрмө берди.

Буга чейин социалдык тармактарда «Бишкек асфальт сервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин катышуусунда видео тараган. Анда ишкананын кээ бир кызматкерлери жол боюнда заара ушатып, спирт ичимдиктерди ичип алганы байкалган. 13-апрелде кызматкерлер түшүнүк кат жазып, аларды иштен четтетүү боюнча буйрук чыккан. Жооптуу бригадирге жана коопсуздук кызматынын жетекчисине сөгүш жарыяланды.

Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери чакырылып, ишкананын кызматкерлерин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишкен. Алар түшүнүк кат жазып, №4 шаардык клиникалык ооруканага, Республикалык психиатрия жана наркология борборуна физикалык текшерүүгө барышкан. Бардык чаралар көрүлгөндөн кийин ишкананын кызматкерлерине карата административдик укук бузуулар боюнча протоколдору түзүлгөн.