«Мас абалында унаасын айдамак болгон». Ош шаардык сотунун судьясы аялын уруп жаткандагы видео тарады

Буга чейин соцтармактарда видео тарап, анда эркек киши Лексус GX470 үлгүсүндөгү эшиги ачылган унаанын ичиндеги аял кишиге кол көтөрүп жатканы тартылган. Социалдык тармактын колдонуучулары ал адам Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкуловго окшош экенин айтышкан. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан окуя боюнча үн катышты.

Маалыматка караганда, окуя Ош шаардык сотунун судьясы Кылычбек Истамкуловдун үй-бүлөлүк пикир келишпестигинен чыккан. Ага ылайык жубайы Жаңы жылга байланыштуу отуруштан кийинки кызуу абалында унааны айдаганы жатканда Истамкулов аны токтотуунун аракетин көрүп жаткан учурун бейтааныш адамдар тымызын тартып алып, социалдык түйүндөргө таркатышкан. «Кылычбек Истамкуловдун жубайы бул окуяда жасаган аракеттери туура эмес экендигин түшүнүп, орун алган пикир келишпестик жокко чыгарылгандыгын ырастады. Бул боюнча Жогорку Соттун жетекчилиги териштирип, судьянын кынтыксыз болуусу эскертилди», — деп айтылат маалыматта.