Массалык камоо. ИИМдин алдында митинг өтүп жатат

Бишкекте бүгүн, 10-январда Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы чыккан камактагы жарандык активисттер, блогерлер жана саясатчыларды колдоо митинги өтүүдө.

Митингге чыккандар массалык баш аламандык уюштурууга шектелгендерди камактан бошотууну талап кылышууда. Аларга ИИМдин тергөө кызматынын жетекчисинин эки орун басары Сапар Аманкулов менен Эшимкан уулу Нурдин чыкты. Алар тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берип жатышат.