Массалык уулануу. Ооруканага кайрылгандардын саны 253 адамга жетти

Бүгүн, 27-октябрга карата «Империя пиццы» тамактануучу жайынын тамагына ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 253 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 253 адамдын ичинен 60 киши ооруканаларда дарыланууда. Темир жол ооруканасында 19 жабырлануучу, Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасында 18 жабырлануучу, Улуттук госпиталда 23 жабырлануучу бар.

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, 25-октябрда баш-аягы 118 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. Ал эми кечээ, 26-октябрда ооруканага кайрылгандардын саны 179га жеткен. Аталган тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды жана «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат.