Массалык уулануу. Ооруканага кайрылгандарын саны 118ге жетти

«Империя пиццы» тамактануучу жайдагы тамактан ууланып, жардам сурап Бишкек жана Чүй облусундагы медициналык мекемелерге кайрылгандардын саны 118 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Темир жол ооруканасына 98, Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 13 адам, Чүй облустук бириккен ооруканасына 2 жабырлануучу, Жайыл районунун жалпы дарыгерлер практика борборуна 5 адам кайрылган. Учурда Темир жол ооруканасында 10 адам, шаардык балдар ооруканасында 13 бала стационардык дарыланууда. Абалы туруктуу деп бааланууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Буга чейин 23-октябрь жана 24-октябрда 12 адам, бүгүн, 25-октябрда таңкы убакытта 85 адам ооруканага түшкөнү, алар «Империя пиццы» тамактануучу жайдын роллдорун жешкенин айтышкан. Аталган тамактануучу жайдын бардык түйүндөрү убактылуу жабылды жана «Империя пиццы» окуя боюнча комментарий бербей жатат.