Матраимов Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кармалганы айтылууда

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу кармалганын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Буга чейин айтылгандай, Матраимов УКМКга сурак берүүгө бүгүн, 18-февралда саат 15:00дө барган. Ал 48 саатка камакка алынган.