Матраимовдон алынган батирлер чекисттерге берилбей мамлекетке өтмөй болду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Райым Матраимовдон алынган батирлер мамлекетке өткөрүп берилерин билдирди.

Маалымат кызматы тараткан кабарда алынган батирлерди УКМК кызматкерлерине берүү маселеси каралбай турганы жазылат. Бардык мүлк белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине өткөрүлөрү белгиленген.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мамлекетке кайтарам деген 2 миллиард сомду толугу менен төккөнүн УКМКнын төрагасы билдирген болчу. Анын ичинен 1 миллиард 400 миллион сомун акчалай түрдө бюджеттин эсебине которгон. Калган 600 миллион сомду болсо, анын баасына тете бир соода борборун жана тогуз батир үйдү, анын ичинен сегиз батир үй УКМКнын кызматкерлерине, бир чоң аянттуу батир үй балдар үйүнө өткөрүлүп берилерин Камчыбек Ташиев айткан.

Бирок батирлердин чекисттерге берилиши коомчулукта катуу нааразычылык жараткан. ЖК депутаттары, вице-премьер Эльвира Сурабалдиева дагы каршы пикирин билдирген.