«Mbank, 10 000 кайтарып бер!». Электрондук капчыктын кардарлары эсептеги акчасы жоголгонуна нааразы болушууда

Бүгүн, 14-январда Mbank’тын кардарлары эсептеги акчасы жоголгонуна нааразы болушууда. Бул тууралуу алар соцтармактагы баракчасына жазып жатышат.

Ал эми Mbank электрондук капчык кызматы жаралган техникалык кырдаал жөнгө салынып жатканын билдирип, түшүндүрмө таратты.