ААК «Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK MISLAMIC программасын ишке киргизүү менен өз кардарларына дагы бир кадам жасады — исламдык каржылоо функциясы эми түздөн-түз MBANK мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү. Бул ишке киргизүү исламдык каржылоо принциптерин карманган колдонуучулардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана ислам каржылык куралдарын күнүмдүк колдонуу үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат.
Ислам каржысы – бул сүткорлук (риба) жана спекулятивдүү же коомго зыяндуу долбоорлорго инвестиция салууга тыюу салынган, шарият принциптерине негизделген, банктык кызматтардын системасы.
MBANK тиркемесиндеги MISLAMIC’тин өзгөчөлүктөрү
Мындан кийин кардарлар исламдык каржылоосунун бардык артыкчылыктарын MBANK колдонмосунан чыкпастан, пайдалана алышат. MISLAMIC кызматы негизги куралдарга жол ачат. Колдонуучулар жакында ислам дебет картасына онлайн буйрутма берүү же виртуалдык карта ачуу, товарды бөлүп төлөө менен сатып алуу боюнча операцияларды жасоо (мурабаха макулдашуусунун негизинде), зекеттин алдын ала эсебин жүргүзүү, ошондой эле шариат нормаларынын алкагында жаңы өнүмдөр жана кызматтар жөнүндө актуалдуу маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
«MISLAMIC’тин ишке кириши MBANK жана ислам принциптерин карманган биздин кардарлар үчүн маанилүү жаңылык. Биз бул кызмат каржылык өнүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн гана жакшыртпастан, ошондой эле колдонуучуларынын маданий жана диний муктаждыктарын урматтаган MBANK’ка болгон кардарлардын ишенимин бекемдейт деп ишенебиз», — деп белгиледи башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Суранаев Кайратбек.
MBANK мобилдик тиркемесинде MISLAMIC’тин киргизилиши кардарларга исламдык каржылык өнүмдөрдү жана кызматтарды мурдагыдан да ыңгайлуу жана коопсуз форматта пайдаланууга мүмкүндүк берет. Бул функция диний ишенимдерге туура келген каржылык кызматтарга умтулгандар үчүн гана эмес, жөн гана этикалык принциптерди кармангандар үчүн да жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
MBANK – Биринчи санарип!
КР УБ № 014/1 лицензиясы