Бишкекте жылдын эң ири банктык акцияларынын бири жыйынтыкталды. 15-февралда «Азия Молл» соода борборунда MBANK’тын «Байгелер марафону» акциясынын жыйынтыгы чыгарылды. Башкы интрига — борбордон жаңы батир кимге тиет — акыры чечилди.
Бактылуу жеңүүчү
«Борсан Констракшн» компаниясынын өнөктөштүгү менен курулган «Лофт» турак жай комплексиндеги бир бөлмөлүү батирдин ачкычын Максат Э. А. алды. Жеңүүчү азыркыга чейин болуп жаткан окуяга толук ишене электигин айтат.
«Сезимдер аралаш, толук аңдоо кийин келет окшойт. Мен жөн гана күн сайын тиркемени колдонуп жүрдүм: акча котордум, төлөмдөрдү жасадым, MProfi жана MInvest кызматтарын сынап көрдүм, MMarket’тен товар издедим. Баары сыяктуу эле кадимки аракеттерди жасадым, жыйынтыгында Бишкектен батир алуу кыялым орундалды», — деп бөлүштү Максат.
Сыйлоо аземи чоң майрам форматында өттү. Коноктор үчүн Freeman 996, Tamga жана Айдана Дека ырдап беришти.
Сандар жана масштаб
«Байгелер марафону» төрт айга созулду. Анын өзгөчөлүгү — толук санарип форматта өткөнүндө болду: кардарлар MBANK тиркемесиндеги тапшырмаларды аткарып упай топтошту, ал упайлар түз эле тиркемеде утуш мүмкүнчүлүгүнө айланды.
Жалпы байге фонду 25 000 000 сомдон ашты. Жалпысынан банк 10 581 белек ойнотту, алардын ичинде:
— 1 000 000 сомдон 10 сертификат;
— 500 000 сомдон 20 сертификат;
— 100 000 сомдон 50 сертификат.
Ачык-айкындык — биринчи орунда
Банк өкүлдөрүнүн айтымында, жеңүүчүлөрдү аныктоодо адам фактору толугу менен четтетилди. Автоматташтырылган санарип система колдонулду.
MBANK’тын башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев мындай долбоорлор эң оболу ишеним жөнүндө экенин белгиледи.
«Кимдир бирөө үчүн бул жөн гана тиркемедеги сандар эле, ал эми бүгүн — колундагы батирдин ачкычы. MBANK үчүн мындай долбоорлор жөн гана байге эмес. Бул — ачык санарип экосистема жана адамдардын жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөр», — деди ал.
«Байгелер марафону» ийгиликтүү аяктоосу MBANK’тин ири санарип демилгелерди ишке ашыруудагы лидерлигин дагы бир жолу тастыктады. Банк санариптештирүү стратегиясын улантып, алдыңкы чечимдерди киргизүү жана кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү багытында ишин улантууда.
MBANK — биринчи санариптик! Кыргызстанда жасалган!