Чакан жана орто бизнес – туруктуу экономиканын негизи. MBusiness жеке ишкерликти каттоону жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылып, мобилдик тиркеме аркылуу бир нече мүнөттө бизнес баштоого мүмкүндүк берет. Өз ишиңди баштоо канчалык оңой болсо, ишкердик ошончолук тез өнүгүп, жаңы жумуш орундар түзүлөт.
Жеке ишкерлик онлайн кантип катталат?
- MBusiness’ке кириңиз.
- «Жеке ишкерликти онлайн каттоо» бөлүмүнөн арыз толтуруңуз.
- Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жактырылгандан кийин дароо жеке ишкерлик күбөлүгүңүздү алыңыз.
Кызматтын артыкчылыктары:
Тез – каттоо процесси бир нече мүнөттү гана талап кылат.
Жеткиликтүү – арызды каалаган убакта, каалаган жерден тапшыра аласыз.
Оңой – татаал формаларсыз жана салык кызматы органдарына барбастан катталасыз.
MBusiness’тин санариптик чечимдери ишкерлерге бюрократиясыз иш баштоого жол ачты. Бул жөн гана ыңгайлуулук эмес – бул өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым. КРдин Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын 9 айында чакан жана орто бизнес саны 20% өсүп, 18 100 компанияга жетти.
MBusiness – бизнесиңиздин өсүшү жана өнүгүүсү үчүн!
MBANK – Биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы