Медер Алиев: «Бишкектеги үйлөрдүн сапатын текшерип чыгуу керек»

Түркиядагы жер титирөөдөн улам соңку жылдары Бишкек жана Ошто курулуп жаткан үйлөрдүн сапаты суроо жаратты. «Сизде алардын сапаты ишеним жаратабы? Кандай үйдө жашайсыз? Үйдү сатып алууда жер титирөөгө туруштук бере аларына көңүл бурдуңуз беле?» деген суроо менен депутаттарга кайрылдык.

Депутат Медер Алиевдин айтымында, Бишкектеги «элитка» делген үйлөрдү текшерип чыгуу керек. Ал үчүн көз карандысыз комиссия түзүлүшү зарыл. «Бишкекте эки үйдүн ортосуна өрт өчүрүүчү унаа кире албаган курулуштар бар. Өтө коррупциялашып кеткен да. Мындан кийин курулуп жаткандарын да көзөмөлгө алыш керек. Алдын ала чараларды көрүп жүрүшүбүз кажет», — деди ал.