«Балдар жана жаштар арасында баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракеттенүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого ээ болду. Демилгечи депутат Медербек Алиев белгилегендей, мыйзам долбоору бир катар — Граждандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана “Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү керек.
«Анткени акыркы жылдарда коомдо “аптекалык баңгичилик” деп аталып, күчтүү таасир берүүчү дары каражаттарын кыянаттык менен пайдаланууга байланышкан кооптуу тенденция байкалууда. Ошто, Бишкекте окуучулар жана студенттер синтетикалык баңгизаттарды чегип көрүшүптүр», — деди эл өкүлү.
Андан сырткары ал баңги кылуучу каражаттарды колдонууга жарнамалоого жана эл алдында чакырыктарга, баңги кылуучу каражаттарды камтыган дары-дармек каражаттарын алууга укук берүүчү рецепттерди же башка документтерди мыйзамсыз берүүгө багытталган аракеттер үчүн жазаны күчөтүүнү сунуштады.