«Менин жеке пикиримде, эл өкүлү Замирбек Мамасадыков сунуштап жаткан мыйзам — той-аштардагы ысырапкерчиликти чектөө боюнча жалпы элге зыянынан пайдасы көбүрөөк деп ойлойм» — деп жазды депутат Медер Алиев.
Анын айтымында, ар бир олуттуу, өзөктүү өзгөрүү, чечим, реформа жеңил келбейт. «Сөзсүз кагылышуу, тартышуу менен коштолот. Себеби ар бир эски, көнүмүшкө айланган адат жаңы көз карашка каршылык көрсөтөт, өзүнүн ордун бергиси келбейт. Табиятта да ушундай — кыш жазга моюн бербегенге аракет кылат. Жаңыланууну жактырбайт, жектейт, жаздын келишин каалабайт», — деп жазган Медер Алиев «Ийри отуруп түз, маданияттуу кеңешели» деп кайрылды.
Депутаттар Замирбек Мамасадыков жана Шайырбек Ташиев тарабынан коомдук талкууга коюлган мыйзамда маркумду узатуу, үйлөнүү той, кыз узатуу, ажыга, умра зыяраттарына узатуу жана тосуп алууларга чектөө киргизүү каралган.