Медицина кызматкерлери: «Биз колдоого жана коргоого муктажбыз»

Кыргыз өлкөсүндөгү медицина кызматкерлери учурдагы өлкө башчынын милдетин аткаруучу Талант Мамытовго, Коопсуздук Кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге, өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан Артём Новиковго жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук кеңешинин төрайымы Бактыгүл Исраиловага кайрылуу жолдошту. Кайрылууда акыркы күндөрү медицина кызматкерлерине карата коронавирус пандемиясынан улам басым көрсөтүү күчөп кеткени, ал эми COVID-19 жараткан коркунучтун дале жоюла электиги тууралуу сөз болот. «Жетекчилерден тартып катардагы кенже медициналык кызматкерлерге чейин Кыргыз медиктери согуш талаасында, күрөш али бүтө элек. Андыктан басым-кысым көрсөтүүнү токтотууну талап кылабыз! Биз колдоого жана коргоого муктажбыз!» деп айтылат, кайрылууда. «Буга чейин жакшы иликтенбеген, тааныш болбогон коркунучтуу вирус менен ириде биз бет келдик. Өзүбүздүн жана жакындарыбыздын өмүрүн коркунучка салдык. Бирок, кесиптик жана жарандык жоопкерчилик бизде баарынан жогору болду. Биз тийиштүү медициналык-каржылык шарты жок, согуштун абалындагыдай шартта иштедик, айлап үй бетин көрбөдүк, суткалап иш ордунан жылбадык»,- дешет медиктер.

Мындай кайрылууга акыркы күндөрү коомчулукта, саясатта, өлкө башчылыгында күчөп кеткен «коронавирусту туура эмес дарылашкан» деген өңдүү сындар, тийиштүү көзөмөл органдарынд козголгон кылмыш иштери себепчи болгону айтылды. Кыргыз медицина кызматкерлери «вирустан каза тапкан жарандардын жакындарын тымызын тукуруу жүрүп жатат» деп тынчсызданышууда.