Мээрим Жуманазарова Меккеде зыярат кылып жүрөт (сүрөт, видео)

Париждеги Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңген Мээрим Жуманазарова Меккеде зыярат кылып жүргөн сүрөт, видеолору менен бөлүштү.

«Меккеге мурда келген болсоң да, биринчи келгендей туюм калтырат. Мекке жан дүйнөнү тынчтантат, Мекке жагымдуу жолугушуу. Мекке кайра-кайра келгиңди келтирген жай», — деп жазды ал.