Мээрим Жуманазарова унаасын сатканы айтылды

Социалдык тармактын колдонуучусу Докторбек Жандралиев Париж Олимпиадасынын күмүш медаль ээси Мээрим Жуманазарованын унаасын сатып алганын жазды.

«Париж Олимпиадасынын күмүш медаль ээси Мээримдин Мерседес унаасын сыймыктануу менен сатып алдым. Мээрим элибиздин ак жолтой кызы. Унаасы ак жолтой унаа деп ишенем»,- деп жазды ал.

Парижде өткөн Олимпиада оюндарынын катышуучуларына, байге ээлерине акчалай сыйлыктар жана ар бирине унаа берилген. Спортчуларга 2 «Kia EV 9», 4 «Kia ​​EV 6» жана 10 «Chevrolet Tracker» унаалары тапшырылган.