Мээрим Жуманазарованын беттеши жакындарын бир үйгө топтоду (видео)

7-августка караган түнү Мээрим Жуманазарова жайкы Париж Олимпиадасында алтын медаль үчүн күрөшөт. Финалдык беттеште Жуманазарова АКШ спортчусу менен кез келет.

SuperTV каналынын кабарчысы жеринен билдиргендей, беттешти айыл тургундары мектеп алдындагы экранда, ал эми жакындары, ата-энеси үйүндө күтүп жатышат.