Кыргыз Республикасы Лондондо «Megacom» иши боюнча эл аралык арбитраждан утуп алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылдын 8-октябрында доогер — Penwell Business Limited компаниясынын Кыргыз Республикасына 298 миллион доллар компенсация төлөп берүү боюнча талаптары толугу менен четке кагылган. «Ошол эле учурда, 2021-жылдын 5-ноябрында Лондондун Жогорку сотуна арбитраждык чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берүүнүн мөөнөтү аяктады. Ошентип, Кыргыз Республикасы талаш-тартышта акыры утуп чыкты деп айтууга болот», — деди Султанбаев.