«Мегаком» уюлдук операторунун абоненттери байланышка жана интернетке нааразычылыгын билдирип жатышат. Жазылып жаткан маалыматтарга караганда, алардын көбү Бишкекте жана Кантта байкалууда.
Кечээ, 11-октябрда аталган компанияны Мамлекеттик өнүктүрүү банкы 14,8 миллиард сомго сатып алган. MEGA жетекчиликтин алмашканы уюлдук оператордун ишине жана кызматтардын сапатына таасир этпей турганын билдирген эле.