Мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 2-ноябрдан башталат

Мектеп окуучуларынын күзгү каникулу 2-ноябрдан башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык, эгер майрам күндөрү эс алуу күндөрүнө туш келсе, анда кийинки иш күнү эс алуу күн катары саналат. Мындан улам күзгү каникул 2-ноябрдан 10-ноябрга чейин уланмакчы.
Айта кетсек, 7-8-ноябрь тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү бул ирет эс алуу күндөрүнө туш келгендиктен, 9-10-ноябрь эс алуу күндөрү катары саналат.
Ошондой эле кечээ 2-чейректен тартып мектептерди ачуу сунушталып жатканы да белгилүү болгон. Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев тийиштүү сунуш республикалык штабга да жөнөтүлгөнүн айткан.