«Мектепке барчу жол 3 чакырымга кыскарды». Баткенде көпүрө курулду

Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарын байланыштырган жөө өтүүчү көпүрөнүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Аталган көпүрөнүн курулуш иштери ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаменти тарабынан колго алынган.

Ак-Суу дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн узундугу 60 метр узундукта. Көпүрөнү пайдаланууга берилүүсү мектеп окуучулары үчүн убакытты үнөмдөөгө шарт түзүлөт. Анткени буга чейин Капчыгай айылынын окуучулары Б.Ходжаев атындагы орто мектепке келүү үчүн 3 чакырым жолду басып өтүүгө аргасыз болсо, эми жол эки эсе кыскарды.