Мектепке чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан Альбина табылды

Бишкекте Альбина Бапиева табылды. Бул тууралуу 9-апрелде анын аталаш агасы Асан Аттокуров билдирди. Анын айтымында, кечээ кыз Ленин айылындагы кафеге келип, жумуш сураган.

«Кафе администраторунун айтымында, Альбина кечээ кечинде ал жакка келип, кандай жумуш болбосун иштөөгө даяр экенин билдирген. Балким, адашып барып калгандыр. Кыз кечээ мектепке барышы керек болчу. Ал айылга кандайча барып калганы азыр териштирилип жатат. Альбина учурда Октябрь РИИБинде», — деген Асан Аттокуров.

17 жаштагы Альбина Бапиева 8-апрелде эртең менен 7-кичирайондогу батирден мектепке чыгып, бирок барган эмес. Милиция кызматкерлери ал Жалал-Абадда жашаган атасына кетип калышы мүмкүн деген божомолдорду айтышып, бирок атасы келбегенин айткан.