Мектепке хиджаб кийип барууга болобу? Министрликтин жообу

Мектеп окуучулары мектепке үстүнө ак, астына кара түстөгү кийим кийип барышы керек. Бул тууралуу журналисттерге Билим берүү министрлигинин мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Анын айтымында, мектепке хиджап кийим барууга болбойт. Бирок жоолукка урусат берилет. Албетте, эгер өңү ак болсо. «Хиджаб мектеп формасы эмес. Окуучу мектепке жоолукчан келе алат, бирок анын классикалык келбети болушу керек. Биз мындай балдар жана алардын ата-энелери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Балдардын укуктарын бузбастан, биз жоолуктун тыкан жана ак болуусун сунуштайбыз», — деп түшүндүрдү Абдылдаева.

Окуу кийинки аптада, 15-сентябрда башталат.