Мектепке күчүк алып барган окуучуну урушкан мугалим: «Эмоцияга алдырып коюптурмун»

15-февралда социалдык тармактын колдонуучулары мектепке баштыкка күчүк салып барган окуучунун видеосу менен бөлүшкөн. SUPERTV телеканалына дал ошол мугалимдерден сын уккан окуучу Алихан Дыйканбаев менен анын апасы Гүлкумар Дыйканбаева кайрылып, окуя тууралуу айтып беришкен.

Бүгүн, 17-февралда редакция окуучуну урушуп жаткан мугалимге кайрылганыбызда, ал эмоцияга алдырып койгонун айтып, кечирим сурады.

«Баланы тартипке чакырып жатып, эмоцияга алдырып койгонум үчун кечирим сурайм», — деди ал. Ал ошондой эле ооруканада көрүнүп жүргөнүн айтты.