Бишкектеги №5 мектепте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылды

Бүгүн, 21-ноябрь күнү саат 17:27де куткаруучулар Бишкектеги №5 мектептин 4-кабатынан секирип, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Жерине саат 17:09да ӨКМдин 10 куткаруучусу тартылган. Куткаруучулар мектептин психологу менен биргеликте сүйлөшүүгө аракет жасап жаткан учурда, экинчи топтогу куткаруучулар мектептин чатырынан атайын альпинисттик шаймандар менен түшүп, жарандын өмүрүн сактап калышкан.

Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран 1987-жылы туулган эркек киши. Такталган маалымат боюнча ал мектептин кызматкери эмес. Учурда аны куткаруучулар Ички иштер министрилигинин кызматкерлерине өткөрүп берип, тиешелүү иш-чаралар жүрүүдө.