«Мектептеги окуу саат 8де, жумуш 9да башталса». Депутат жол тыгынын азайтуу боюнча сунуш берди

Бишкекте күндөн-күнгө унаа тыгыны күчөп баратат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мейкинбек Абдалиев билдирип, тыгын менен күрөшүү боюнча кеңеш берди.

«Мектептеги окууну 08:00дө баштасак, жумушту 09:00 баштаса, ЖОЖдогу окууну 10:00дө баштасак. Мен толук жоюлуп кетет деп айтпайм. Бирок тыгынды азайтсак болот»,- деди ал.