Мектептер жана жогорку окуу жайлар кадимки окуу формасына кайтат

Мектептер жана жогорку окуу жайлар кадимки окуу формасына кайтат. Бул тууралуу вице-премьер жана коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Эльвира Сурабалдиева билдирди.

“Мектептерди ата-энелердин жана мугалимдердин өтүнүчү менен ачуу пландары каралууда. Жогорку окуу жайларды Жаңы жылдан кийин ачабыз. Чыдай турууңуздарды өтүнөм. Ал эми бала бакчаларды ачуу жагын да карап жатабыз. Болгону ооруканалардагы вирустун массалык агымына туруштук бере алабызбы деген суроо жаралат”, — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.