Мектептерде эң мыкты окугандарга 5тин ордуна 10 коюлат

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында мектептердеги 5 баллдык система 10 баллдык системага алмаштырылат.

Кыргыз билим берүү академиясынын концепциясынын долбоорунда бул окуучулардын билимин объективдүү жана дифференцияланган баалоого мүмкүндүк берери айтылат.

Беш баллдык баалоо системасы советтик мектептерде өткөн кылымдын 30-жылдарында киргизилген. Бул баалоо шкаласында мугалим формалдуу түрдө окуучуга 1ден 5ке чейин баа коюуга мүмкүнчүлүгү бар. Бирок иш жүзүндө бул система үч баллдык система болуп саналат, анткени бир жана эки жыйынтыктоочу баага берилбейт.

Жаңы система так качан ишке кирери белгисиз, бирок 12 жылдык билим берүүгө өтүүдө киргизилет.