Мектептерде күзгү каникул 31-октябрда башталат

Жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, күзгү каникул 31-октябрынан 6-ноябрына чейин 7 календардык күндү түзөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

«Президенттин “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыгына ылайык, 7-8-ноябрь жумуш эмес майрам күндөрү болуп эсептелет. Мындан улам мектептерде сабактар 2022-жылдын 9-ноябрында башталат»,- дешти.