Мектепти аяктаганына 20 жыл болгон классташтар чек ара жаңжалында үйсүз калгандарга там куруп беришет

Мектепти аяктаганына 20 жыл болгон классташтар чек ара жаңжалында үйсүз калгандарга там куруп беришет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун билдирүүсүндө айтылат.

«Биз, Ош шаарына караштуу Жоро Атабаев атындагы орто мектебинин 2001-жылкы бүтүрүүчүлөрү, быйылкы өлкөдөгү болуп жаткан окуялардан улам, Баткендеги жабыр тарткан бир үй-бүлөнүн үйүн куруп берүү чечимин кабыл алдык», — деп жазат эл өкүлү.

Демилгечилер башкаларды да ушундай ишти улап кетүүгө чакырышкан.