Мелис Аспековго боштондук талап кылгандар боюнча Спорт департаменти үн катты

Буга чейин социалдык тармактарда камактагы Мелис Аспековго байланыштуу өзүлөрүн спортчу деп аташкан жарандар өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылуу жасаган видео тараган.

Бул кайрылуу боюнча Дене тарбия жана спорт департаменти үн катып, төмөнкүлөрдү билдирди.

1. Чогулган адамдардын спортко эч кандай тиешеси жок;

2. Видеодо айтылган “Шумкар Pride” аттуу федерация департаменттин реестринде жок;

3. Буга чейин Мелис Аспеков спортчуларга эч кандай демөөрчүлүк кылган эмес;

4. Азыркы күндө ата мекендик спортчулар эч кандай башаламандыкка, ар кандай митингдерге катышкан дагы эмес, тиешеси дагы жок.